Депутат Дастан Бекешев майыптыгы бар адамдарды жумушка алууга даяр болгон бизнес үчүн салыктык жеңилдиктерди киргизүүнү сунуштады. Бул демилгенин алкагында мындай кызматкерлер үчүн төлөмдөрдүн чендери кыйла төмөндөтүлөт.
Биздин максат — майыптыгы бар адамдарга жөн гана жөлөк пул төлөп берүү эмес, алардын иштеп, акча таап, экономикалык жактан өз алдынча боло турган шарттарды түзүү.
Бекешев өзүнүн Telegram-каналында майыптыгы бар адамдардын активисттери жана алардын ата-энелери менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында бул демилгелер тууралуу маалымдады. Ишкерлерди каржылык жактан кызыктыруу үчүн киреше салыгын 1% жана Социалдык фондго төлөмдөрдү 3% деңгээлине түшүрүү сунушталууда.
Кызматкерлер үчүн жалпы төлөм чендери22,25% %4% % −18 п.п.
Мындан тышкары, депутат квоталарды аткаруунун альтернативдүү механизмин иштеп чыгууну демилгеледи. Эгерде иш берүүчү майыптыгы бар адамды жумушка алууга мүмкүнчүлүгү жок болсо же каалабаса, анда тиешелүү төлөмдү төлөшү керек. Бул каражаттар майыптыгы бар адамдар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аларды ишке орноштурууга жумшалат.




