Жогорку Кенештин депутаты Дастан Бекешев 17-июлдан баштап Кыргызстандын айрым аймактарында, анын ичинде Бишкек менен Чүй областынын электр жарыгынын өчүрүлүшү боюнча ой-пикирин билдирип, учурда окуядан келтирилген кесепеттер расмий түрдө эсептелбегени тууралуу айтты.
Ал учурда электр жарыгы алдын ала кабарсыз өчүрүлүп жатканын, жооптуу мекемелер бул чаралар авария менен байланыштуубу же жайкы мезгилдеги керектөөнүн көбөйүшүнөн же үнөмдөө максатындабы деген суроолорго жооп бере электигин белгиледи.
"Электр энергиясы эскертүүсүз өчүрүлүп жатат, ким жооп берет так эмес. Эгер үнөмдөө максатындагы жөнгө салуу чарасы делсе да, алдын ала маалымат берилсе жакшы болмок", — деди депутат.
Дастан Бекешев коомдук жана мамлекеттик мекемелерге тийгизүүчү терс таасирлерге да токтолуп, азык-түлүк сакталган муздаткычтар бузулушу, турак жай соода келишимдеринин үзгүлтүккө учурашы жана мамлекеттик кызматтардын, айрыкча санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн кечиктирилиши мүмкүн экенин белгиледи.
Ошол эле мезгилде банктык тиркемелер менен банктар өз ишин кадимкидей улантып жатканы айтылды.
Акырында депутат жарандарга электр жарыгы өчүрүлүшүнүн себептери жана кесепеттери үчүн ким жооптуу экенин расмий түрдө түшүндүрүп берүүнү өтүндү.
