Даниэль Ажиев журналисттерге активист Мелис Аспеков менен болгон сүйлөшүүлөрү тууралуу жазылган кол жазма катты тапшырды. Ажиевдин айтымында, Аспеков андан чоң суммадагы акчаны карыз катары сурап, андан соң коркутууларды баштаган.
Катка ылайык, Аспеков алгач 120 миң доллар карыз сураган, бирок андан баш тартылгандан кийин, сот иштери боюнча жардам сунуштай баштаган. Активист Жогорку сотто маселени 100 миң долларга чечүүчү Кукен деген адам бар экенин айткан. Ажиевдин маалыматы боюнча, Аспеков бул адам мурдагы Башкы прокурор Курманкул Зулушев болушу мүмкүн экенин билдирген.
Ажиев бул сунуштардан баш тарткандан кийин коркутуулар күчөгөнүн белгилеген. Аспеков 120 миң доллар бербесе, Ажиевдин сүрөтүн Президенттин сүрөтү менен бириктирип, интернетке чыгарып салуу менен коркутуптур. Бул аракет коомчулукта терс резонанс жаратып, Президент администрациясынын кызматкерлерин жана судьяларды ачууландырышы мүмкүн экени айтылган.
Ошондой эле катта Камчыбек Ташиев тууралуу да айтылган. Ажиевдин ылаймында, активист мурдагы УКМКнын башчысынын колунда 3 миллиард доллар накталай акча бар экенин жана бул каражат Ташиевге бүткүл Түштүк Кыргызстанды көтөрүп алууга жардам берерин айткан.
Катта көрсөтүлгөн акчалай суммалар










