Бразилиянын түндүк-чыгышындагы Мараньян штатында тарыхый окуя болду. 16-ноябрда ондогон жылдар бою башка адамдардан жашынып жашаган ава уруусунун өкүлдөрү тропикалык токойдон чыгып, жергиликтүү тургундардан тамак сурашты. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Ава уруусунун өкүлдөрү, алардын ичинде аялдар жана балдар да болгон, гуажажара элинин конушуна жакын жайгашкан мамлекеттик постко келишкен. Survival International укук коргоочу уюмунун маалыматы боюнча, алар колдору менен ишарат кылып, тамак-аш катары ямс тамырларын суранышкан. Тамак алып алышкандан кийин, уруу өкүлдөрү кайрадан токойго кайтып кетишкен.
Укук коргоочулар бул окуяны тарыхый деп баалашат. Алардын айтымында, ава уруусунун ушунчалык көп сандагы өкүлдөрү сырткы адамдарга мынчалык узак убакыттан кийин чыкканы байкалган эмес.
Адистердин пикири боюнча, мындай чечимдин себеби тамак-аштын жетишсиздиги жана жашоо чөйрөсүнүн бузулушу болушу мүмкүн. Анткени уруунун аймактарында токойлорду мыйзамсыз кыюу, аңчылык жана айыл чарба жерлерин кеңейтүү иштери жүрүп жатат.









