Бишкек шаарындагы Аалы Токомбаев көчөсүндө жашагандар унаалардын түндүк сааттарда катуу үн чыгарганына нааразы болушууда.
Айрым тургундардын билдирүүсү боюнча, 01 821 AIS номерлүү унаа түн ичинде, тактап айтканда, саат 00:46да, катуу газ берип, үйлөрдүн терезелери алдында үндөрдү көтөрүп жүрөт.
Бул хэскепти Штраф KG буга чейин да жарыялаган. Кайрылууларга ылайык, иш-аракеттер Англис кварталы менен New York турак жай комплекси аралыгында жүргүзүлүүдө.
Автордун кайрылуусунда, түн ичинде унаанын үн чыгарышы адамдардын тынч уктоосуна тоскоолдук жаратып жаткандыгы баса белгиленген.
Жарандар жана унаа ээлери тынчтыкты урматтоого чакырылууда.




