Бишкектин Алмаатинка аймагында жол кырсыгы катталды. Бул кырсыктан эки эже жабыркады.
Окуя болгон учурда кыздар автобустан түшкөндө, аларды BMW унаасы сүзгөн.
Биринин буту жабыркаган, экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилди.
Учурда кырсык боюнча тергөө иштери улантылып жатат.
Социалдык тармактарда айдоочунун баңгизаттын таасири астында болгону тууралуу маалыматтар айтылууда, бирок бул расмий төгүндөлө элек.









