Бишкек шаарында автобус сүзүп кеткен эки 16 жаштагы кыз ооруканага түшкөн.

Балдардын нейротравмасы бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Жусумамбетовдун айтымында, эки кызга мээ чайкалышы жана жабык баш мээ жаракаттары диагноз коюлган.

Ошондой эле алардын денесинде көгөрүп калуулар жана ссадиналар бар.

Азыркы учурда эки кыз ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө жана алардын абалы туруктуу оор бойдон калууда.

Дарыгерлер кыздардын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок экенин белгилешти.

Ошондой эле милиция айдоочунун мас абалында эместигин тактады.

ДТПнын шарттары жана автобус жүрүшүнүн ылдамдыгы азырынча такталууда.