Бишкекте 7-ноябрда өзгөрүлмө булуттуу аба ырайы күтүлөт, күндүз абанын температурасы +23°C болот.

Эстелик күндөр

Кыргызстанда Тарых жана бабаларды эскерүү күндөрү

Кыргызстанда 7-жана 8-ноябрь Тарых жана бабаларды эскерүү күндөрү деп жарыяланган. Президент бул тууралуу жарлыкка 2017-жылы 26-октябрда кол койгон.

Документтен

1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштү, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революцияларын, советтик өнүгүү мезгилинин сабактарын жана мурасын, 20-кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерин объективдүү тарыхый баалоо, ошондой эле бабаларга таазим кылуу максатында 7-жана 8-ноябрь жыл сайын белгиленүүчү Тарых жана бабаларды эскерүү күндөрү деп жарыялансын.
Президенттин жарлыгынан

2025-жылдан тарта бул күндөр жумушчу күн болуп калды.

Кыргызстандын Маалымат жана басма сөз күнү

Бардык маалымат каражаттарынын, радио жана телекөрсөтүү, полиграфия, басма, китеп соодасы кызматкерлеринин кесиптик майрамы — Маалымат жана басма сөз күнү — Өкмөттүн 1993-жылы 1-ноябрдагы токтому менен белгиленген.

1924-жылы 7-ноябрда Ташкентте улуттук «Эркин Тоо» гезитинин биринчи саны жарык көргөн. 1925-жылдын жайынан тарта ал Пишпекте басыла баштаган. Кыргыз тилиндеги биринчи басылма катары гезит сабатсыздыкты жоюу күрөшүнө зор салым кошуп, агартуу иштеринде, көркөм адабияттын жана журналистиканын өнүгүшүндө чоң роль ойногон.

1927-жылдын 20-августунан тарта гезит «Кызыл Кыргызстан» деп аталып, кийинчерээк «Советтик Кыргызстан», 1991-жылдан бери «Кыргыз Туусу» болуп аталат.