Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, Лейлек районундагы авариялык абалдагы мектептер жаңыланат. Министрлик жыл сайын республиканын аймагындагы курулушка жана капиталдык оңдоого муктаж болгон билим берүү объектилерин аныктап, тиешелүү сунуштарды Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине жөнөтөт.

2025-жылдын 3-сентябрында Билим берүү министрлиги Курулуш министрлигине авариялык абалдагы жана биринчи кезекте курулуш иштерин жүргүзүү зарыл болгон мектептердин тизмесин сунуштаган.

2026-жылдын 23-сентябрында бул билим берүү объектилерин капиталдык салымдар беренесинин негизинде 2027-жылы каржыланган объектилердин тизмесине киргизүү боюнча тиешелүү сунуштар жөнөтүлгөн.

Учурда аталган билим берүү объектилерине байланыштуу маселелер тиешелүү органдар тарабынан каралууда. Президенттин тапшырмасына ылайык, өлкөдөгү бардык авариялык мектептерди 2030-жылга чейин толук жаңылоо пландаштырылууда.