Баку шаарында 23 жаштагы сүрөтчү Гюляра Мехтиева каза болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыздын өлүмүнө анын өз агасы Айхан шектүү болуп жатат.

Oxu.Az басма чыгаакчылыгынын билдирүүсүнө ылайык, чыр-чатак Айхан окуудан үйүнө келгенде башталган. Конфликттин себеби Гюляранын социалдык тармактарда жарыялаган сүрөттөрү болгон. Айхан сүрөттөрдү ачык-айкын деп эсептеп, ошондой эле билбеген жигиттердин алардын астына калтырган комментарийлерине нааразы болгон.

Агасы карындашынан сүрөттөрдү өчүрүүнү талап кылган, бирок ал баш тарткан. Ушул себептен улам ашканада чыр-чатак болуп, Айхан карындашына бычак менен үч жолу — жүрөгү жана мойнуна сокку урган.

Кыздын кыйкырыгын уксаган кошуналар жардамга келип, тез жардам чакырышкан. Гюляра ооруканага жеткирилгени менен, аны куткаруу мүмкүн болгон эмес, деп билдиришет маалымат булактары.

Айхан менен Гюляра атасынын тарабынан бир тууган болушат. Алардын апасы 2006-жылы ажырашкандан кийин үй-бүлөдөн кетип калган жана үч жашар кызды атасына калтырган. Атасы кайра турмушка чыгып, экинчи жубайынан төрт балалуу болуптур, Айхан алардын улуусу.