6-октябрда Ат-Башы айылдык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы өттү. Анда жергиликтүү коомчулуктун жыйынын өткөрүү орду жана расмий графиги бекитилди.
Мындан тышкары, Ат-Башы айыл аймагынын жергиликтүү коомчулугунун жыйынына катышуучу өкүлдөрдүн (делегаттардын) жалпы саны 100 адам деп бекитилди.
Делегаттардын бөлүштүрүлүшү
Делегаттар айылдар боюнча төмөнкүчө бөлүштүрүлдү: Ат-Башы айылына 50, Ача-Кайыңдыга 25, Ак-Жарга 25 киши.
Жергиликтүү коомчулуктун жалпы жыйыны 24-октябрда саат 11:00дө С.Андабеков атындагы Маданият үйүндө өтөт. Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе — жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүн шайлоо.










