Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков адилетсиз иш алып барган ишкерлердин реестри жөнүндө мыйзам долбоору бир жума ичинде даяр болорун маалымдады. Бул маалымат ал Төрага Алмамбет Шыкмаматовдун өзүнүн орун басарлары менен өткөргөн ыкчам кеңешмесинде айтылды.

Ысабековдун айтымында, мыйзам долбоору учурда даяр жана алдыдагы бир жума ичинде башка мамлекеттик органдар менен макулдашуу үчүн жөнөтүлөт. Жаңы механизмдин негизги маңызы — адилетсиз иш алып барган ишкерлердин реестрин түзүү болуп саналат.

Бул тизме боюнча Мамлекеттик салык кызматы тиешелүү чараларды көрүү үчүн Башкы прокуратурага маалыматтарды жөнөтүп турат. Ал эми прокуратура органдары алдыга койгон милдеттери боюнча Президенттин Администрациясына ар бир алты айда бир отчет берет.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ишкерлердин 85-90% адилеттүү иштеп жатканын белгиледи. Ал эми жаңы түзөтүүлөр жалган эсеп-фактураларды толтурууга жана каза болгон адамдардын атына фирмаларды каттоого алдырган тараптарды көздөйт.