30-июлда Моссоветте доллардын курсунда өзгөрүү болгон жок — сатып алуу 87,4 сом, сатуу 87,7 сом деңгээлинде сакталып жатат.
Евро курсунда бир аз жогорулоо байкалган. Анын сатып алуу баасы 99-99,3 сом, сатуу баасы 100-100,1 сомдун арасында белгиленди.
Жума ичинде биринчи ирет рублдин курсунда өзгөрүү болду. Рублдин баасы бир аз төмөндөп, сатып алуу 1,04 сомго, сатуу 1,05-1,053 сомго чейин арзандады.
Коммерциялык банктарда да доллардын курсу туруктуу бойдон калса, евро курсунда олуттуу өсүү байкалган — 30-60 тыйынга кымбаттап, курс сатып алууда 100 сомго жакындап калды.
Россия рублинин курсу коммерциялык банктарда аздыр-көптүр төмөндөгөнү эске алсак, жалпы учурда валюталар бир аз өзгөрүүлөр менен бойдон жатат.













