Кыргызстандын Улуттук банкынын расмий маалыматына караганда, 12-августта доллардын курсу өзгөрүүсүз калып, бир доллар 87,45 сомду түздү. Ал эми алмашуучу пункттарда долларды сатып алуу 87,36 сомдон, сатуу 87,8 сомдон болду.

Евро Kursу 0,22 пайызга төмөндөп, 100,8823 сомго жетти. Бул валютанын курсу өткөн күндөрдөгү эң жогорку чекиттен бир аз төмөндөгөнүнө карабастан, 100 сомдон ашуун деңгээлде турууда. Алмашуу пункттарында евро сатып алуу 100,39 сомго, сатуу 101,37 сомго бааланды.

Орус рублинин курсу кескин төмөндөп, апрель айынын биринчи жарымынан берки эң төмөнкү деңгээлге жетти. Улуттук банктын расмий курсу - 1,0604 сом, 0,34 пайызга төмөндөгөн. Алмашуу пункттарында сатып алуу 1,012 сом, сатуу 1,085 сом болуп турат.

Негизги валюталардын Кыргызстандагы курслары (12-август, сом)

87,45Доллар (Улуттук банктын расмий курсу)
100,8823Евро (Улуттук банктын расмий курсу)
1,0604Орус рубли (Улуттук банктын расмий курсу)
0,1879Казакстан тенгеси (Улуттук банктын расмий курсу)
12,9637Кытай юаны (Улуттук банктын расмий курсу)