Материалдар: 1
Бишкек шаарынын түштүк жана түштүк-чыгыш аймактарында жашаган тургундар 14-август күнү кечинде газдын жыты сезилгенин билдиришти. Бирок «Газпром Кыргызстан» компаниясынын маалыматы боюнча, жарандары кайрылгандан кийин авариялык кызматтар бир нече саат текшерүү жүргүзүп, газдын агып чыгышын тапкан жок. Мындай жагдайда жыт канализациядан келип жаткан болушу мүмкүн.