Материалдар: 1
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Самарканда өткөн Дүйнөлүк саммиттин тематикалык пленардык жыйынында сөз сүйлөп, өлкөнүн балдардын ден соолугун коргоо боюнча артыкчылыктуу багыттарын баяндады. Минздрав КРдин маалыматы боюнча, бул багыттардын ичине негизги медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү, ооруларды эрте аныктоо, телемедицинаны кеңири жайылтуу жана адистештирилген дарылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу кирет.