Материалдар: 2
Бишкек шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюну менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити ачылышынын түз трансляциясын көрүү үчүн фан-зоналар уюштурулду. Негизги фан-зона Ала-Тоо аянтында, андан сырткары шаардагы төрт райондо да зоналар иштейт. Келген конокторду концерттер, фото жана көргөзмө жайлар, ошондой эле улуттук спорттук оюндар күтөт.
31-августта жана 1-сентябрда Бишкектеги «Манас» аэропортунда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШОС) жана ВИК саммиттерине байланыштуу учууларга убактылуу чектөө салынат. Бул убакыттарда бардык каттамдарга, анын ичинде ички учууларга да токтом жасалат.