Бишкек шаарынын тургуну тротуарлар менен баскан электр мопеддери жана электр велосипеддери жарандар үчүн кооптуу шарт түзүп жатканын айтып, мэрияга кайрылды. Анын айтымында, бул транспорт каражаттары өтө жогорку ылдамдык менен жүрүп, жөө жүрүүчүлөрдүн, анын ичинде коляскадагы балдардын коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө.