Жаңылыктар
Аймактар
Маалымдамалар
Катышуу
Материалдар: 1
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Чуй облусунун Московский районуна иш сапары менен барып, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана келечектеги инвестициялык долбоорлору боюнча маалымат алды. Президенттин администрациясынын билдирүүсүнө караганда, иш сапардын алкагында 2021–2026-жылдарга карата ишке ашырылган жана пландаштырылып жаткан долбоорлор, ошондой эле социалдык инфраструктуранын абалы каралып чыкты.