Бардык жаңылыктар: Турдакун Усубалиев
Материалдар: 4

Кочкордо Кыргызстандын тарыхый инсандарынын эс берүү иш-чарасы өттү
Кочкор районунда тарых жана ата-бабалардын эс тутумун сактоо күндөрүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Кочкор айылындагы «Сейил» паркында өткөн бул жолулушта Ишенаалы Арабаев, Баялы Исакеев жана Турдакун Усубалиев сыяктуу мамлекеттик ишмерлердин жана баатырлардын өмүр жолу эске алынды.

Касымалиев Министрлер кабинетинин жол тармагына 50дөн ашык атайын техника тапшырды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 30-октябрда автомобиль транспорту жана жол чарбасы кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чараларга катышып, Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Т. Усубалиев атындагы аянтта Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 50дөн ашык жаңы атайын техниканын ачкычтарын тапшырды.

Бишкекте «АгроТехЭкспо-2026» көргөзмөсү жана «Алтын күз» жармаңкеси өтөт
Бишкекте 23–25-октябрда Т. Усубалиев атындагы эски аянтта эл аралык «АгроТехЭкспо-2026» адистештирилген көргөзмөсү жана «Алтын күз» айыл чарба жармаңкеси өтөт. 300дөн ашык экспонент, анын ичинде 100гө жакын кайра иштетүүчү ишкана жана 200дөн ашык фермердик чарба катышат.

Бишкекте дүйнөдөгү эң узун чучук даярдалды
Бишкектин Турдакун Усубалиев атындагы аянтында Чүй облусунун 100 жылдыгына карата узундугу 128 метр болгон чучук жасалды. Бул дүйнөлүк рекорд деп белгиленүүдө.