Материалдар: 2
Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын эл көркөм өнөрү артисткасы Жамал Сейдакматованын эсине арналган VIII эл аралык актрисалар режиссерлор кинофоруму «Айым-режиссерлор» ачылды. Бул иш-чара автордук кинону колдоо, маданияттык байланыштарды бекемдөө жана келечектеги киноиндустриянын өнүгүшүнө багытталган. Кинофорумдун алгачкы күнүндө Жамал Сейдакматованын чыгармачылык мурадына арналган фильмдерден үзүндүлөр көрсөтүлгөн.
Ош шаарында 14-17-октябрь аралыгында Жамал Сейдакматовага арналган VIII эл аралык аял режиссерлор кинофоруму өтөт. Кинофорумдун алкагында кыргызстан, казакстан, өзбекстан, тажикстан жана Кытайдан келген аял режиссерлордун 14 кинолору көрсөтүлөт. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Кинематография департаментинин каржылык колдоосу жана Ош мамлекеттик университетинин уюштуруулук колдоосу менен өтөт.