Материалдар: 1
Бишкек шаар мэри Айбек Жунушалиев Чүй проспектиси менен Ч. Валиханов көчөсүнүн кесилишмесиндеги көпүрөнүн курулушу ишин текшерген. Бишкек мэриясынын маалыматтарына ылайык, учурда көпүрөнүн балкаларын орнотуу жана конструкцияларды бетондоого иштер жүрүп жатат. Проект боюнча көпүрө алты жолдук болот жана жалпы узундугу 90 метрди түзөт. Шаар мэриясы тарабынан курулуштун убагында жана ишинин сапаты камсыздалгандыгы боюнча талаптар коюлду.