Материалдар: 1
Проекттин автору жана негиздөөчүсү Темирбек Эркинов Кыргызстанда SUNUSH платформасынын сыноо режиминде ишке киргизилишин айтты. Женевадагы Бүткүл дүйнөлүк форумда таанылган бул долбоор, Жарандар менен мамлекеттик институттардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү Жасалма Интеллект (ЖИ) аркылуу жакшыртууга багытталган. Платформанын максаты — салттуу бюрократиянын жана социалдык тармактардын натыйжасыздыгынын көйгөйлөрүн чечүү.