Материалдар: 2
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Самарканде өткөн балдардын онкологиясы боюнча эл аралык саммитинде Америкадагы белгилүү балдарды изилдөө госпиталынын өкүлдөрү менен жолугушуп, өлкөнүн балдардын онкологиясы боюнча глобалдык платформага катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап чыккан. Тараптар Кыргызстандагы онкологиялык жана онкогематологиялык оорулуу балдарга медициналык жардамдын деңгээлин жогорулатуу боюнча эл аралык кызматташууну бекемдешти.
Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Америкадагы St. Jude Children’s Research Hospital (St. Jude) өкүлдөрү менен балдардын онкологиясы боюнча мындан аркы кызматташууну талкуулап чыкты. Тараптар балдарга атайын медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, ошондой эле тажрыйба алмашуу жөнүндө макулдашкашкан.