Материалдар: 1
Бишкекте Скрябин көчөсүнүн Байтик Баатырадан Абаяга чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери кызуу уланууда. Учурда көпчүлүк участокто асфальттын биринчи катмары төшөлүп, жаңы тротуарлар жана арык лотокторун куруу жүргүзүлүүдө. Жолдун узундугу 700 метрди түзүп, жаңыланган жолду ишке берүү июлдун аягында же августтун башында пландаштырылууда.