Материалдар: 1
Бишкек шаарындагы Ленин районуна таандык Улар көчөсүндө жолду оңдоп-түзөө иштери алты айга жакын созулуп, тургундар коммуникацияларды бузгандыгы жана жоопкерчиликти алышпай жатканына нааразы. Мэриянын маалыматына караганда, иштер уланууда, бирок канализация түтүктөрүн орнотуу сыяктуу кошумча жумуштар иштин узак мөөнөткө созулушуна себеп болууда.