Материалдар: 1
Ош шаарында С. Алыкулов атындагы жалпы билим берүү №33 мектебинин жаңы окуу корпусу ишке киргизилди. Министрликтердин маалыматы боюнча, бул жай курулушу эки блоктан жана үч кабаттан турат. Мектептин жалпы аянты 3840 квадраттык метрге жетет. Мектеп окуучуларды бир сменада 312, эки сменада болсо 700га чейин окутууга мүмкүнчүлүк берет. Жаңы имаратта окуучулар жана мугалимдер үчүн заманбап шарттар түзүлгөн.