Бардык жаңылыктар: Октябрь райондук администрациясы
Материалдар: 3

Бишкектеги «Орто-Сай» базарында өрткө каршы кызматтар машыгуу өткөрдү
Бишкек шаарындагы «Орто-Сай» базарында өрткө каршы тактикалык машыгуулар болуп өттү. Аспаптардын соода катарларынын арасынан тоскоолдуксуз өтө алышын текшерүү максатында куткаруучулар атайын техниканы колдонушту.

Орто-Сай базарынын жанындагы бузулган гараждардын ордунда курулуш башталды
Бишкектеги Орто-Сай базарынын жанындагы мурдагы гараж кооперативинин аймагында курулуш иштери жанданды. Октябрь райондук администрациясынын маалыматы боюнча, ал жерде 10 кабаттуу паркинг курулат, анын эки кабаты жер астында болот, ал эми 10-кабатында футбол аянтчасы жана спорттук зона жайгашат. Бирок заказчы жана подрядчы тууралуу маалымат так эмес.

Бишкек шаарынын мэри контур №151деги турак жай куруу маселесин карап чыгууга тапшырма берди
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев контур №151деги жер участкаларын турак жай курууга пайдалануу маселесин жарандар менен талкуулады. Ал жерлерге мамлекеттин актыларын алуу же жерлерди конфискациялоо планы жоктугун баса белгиледи. Азыркы убакта бул аймак айыл чарба багытындагы жерлерге кирип, шаардык план боюнча аларга турак жай курууга уруксат жок. Мэр функционалдык зона түзүү маселесин карап чыгып, мыйзам чегинде пайдаланууну сунуш кылды.