Материалдар: 1
Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КГТУ) киберкоопсуздук жана санариптик технологиялар тармагында адистерди даярдоону кеңейтүү үчүн криптография жана блокчейн технологиялары боюнча жаңы магистратура программасын ишке киргизди. Бул тууралуу ректор Мирлан Чыныбаев CYBERFINANCE 2026 форумунда билдирди. Санариптик экономикадагы өсүү жана киберкоркунучтардын көбөйүшү кесипкөй кадрларды даярдоонун жаңы ыкмаларын талап кылууда.