Материалдар: 1
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын активи жана тургундары менен жолугушуп, аймактын өнүгүшү, жергиликтүү бюджеттердин өсүшү, инфраструктуралык долбоорлор жана өнөр жай потенциалын калыбына келтирүү боюнча маанилүү маселелерди талкуулап чыккан. Мамлекет башчысы аймактын экономикалык өсүшү жана мунай тармагынын модернизациялануусуна өзгөчө көңүл бурган.