Материалдар: 1
Кыргызстан президенти Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрү жана Азербайджандын лидерлеринин консультациялык жолугушуусунда бирдиктүү электрондук соода майданын түзүлүшүн сунуштады. Жапаровдун бул демилгеси аймактын өлкөлөрү арасында товар алмашууну жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Анын айтымыша, бул жашоочуларга коңшу мамлекеттердин товарларын сатып алууну, ишкерлерге болсо жаңы сатып алуучуларды табууну жана сатуу базасын кеңейтүүнү жеңилдетет.