Материалдар: 1
Бишкек шаарында 11-июлга карата азык-түлүк бааларында акыркы жумада өзгөрүүлөр катталды. Айрыкча, помидор менен пияздын баасы төмөндөөдө, ал эми картошка, кыяр жана капуста баалары кымбаттады. Минималдуу азык-түлүк топтому 18 сомго кымбаттап, 7005 сомду түздү. Биздин изилдөө — бир топ жылдан бери жума сайын бир супермаркеттен белгилүү бир азык-түлүк топтомунун баасын байкоо катары жүргүзүлүүдө.