Материалдар: 1
Мамлекеттик жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча агенттиктин директору Эрнисбек Зарнаев Жогорку Кеңештин жыйынында «кызыл китептер» колдонулуп жатпаганын жана жерге менчик укугун кадастр планы менен берип жатканын билдирди. Анын айтымыша, бул процессте менчик укугунун өзөгүнө эч кандай өзгөрүү келбейт. Депутат Исманалы Жороев жерди баалоо комиссияларына жергиликтүү администрациялардын өкүлдөрүн киргизүү керектигин сунуштады.