Материалдар: 1
Жалал-Абад облусу УВД башчысы Марлис Асановтун билдирүүсүнө ылайык, акыркы 9 ай ичинде облуста 1000ден ашык үй-бүлөлүк зордук фактылары катталган. Асановтун айтымыша, бул көбөйүүнин себеби – маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда зордук маселеси тууралуу көбүрөөк маалымат тарарышы, ошол себептен милицияга кайрылуучулардын көлөмү жогорулаган. Бул маселе боюнча алдын алуу чаралары да талкууланган.