Материалдар: 1
Бишкек мэриясы Городок строителей, Городок энергетиков жана 10-микрорайондорду борбордук ТЭЦтен бөлүп, аларды башка ысык берүү булактарына өткөрүү аркылуу жылуулук жоготууларын азайтуу жана эскирген түтүктөрдү оңдоодо акча үнөмдөө боюнча реформаны ишке ашыруу пландап жатат. Ушундай ыкма ийгиликтүү болсо, шаардын башка аймактарында да колдонулат. Келечекте шаар бийлиги толук ТЭЦтен баш тартууну да караштырып жатат.