Материалдар: 1
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Самарканде өткөн балдардын онкологиясы боюнча эл аралык саммитинде Америкадагы белгилүү балдарды изилдөө госпиталынын өкүлдөрү менен жолугушуп, өлкөнүн балдардын онкологиясы боюнча глобалдык платформага катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап чыккан. Тараптар Кыргызстандагы онкологиялык жана онкогематологиялык оорулуу балдарга медициналык жардамдын деңгээлин жогорулатуу боюнча эл аралык кызматташууну бекемдешти.