Материалдар: 1
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы иштердин жыйынтыгына байланыштуу өткөн Коллегия отурумунда өлкөнүн айрым эл аралык дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн ишинин натыйжалуу эместигин белгиледи. Анын айтымында, санкцияларды алып салуу жана экономикалык дипломатияны өнүктүрүү жаатында көйгөйлөр бар, мунун негизинде бул багыттарда иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.