Президенттин жарлыгына ылайык, өлкөдө бөйрөк, боор жана сөөк чучугунун клеткаларын которуу процедуралары мамлекет тарабынан акысыз өткөрүлөт. Саламаттык сактоо министрлигинин орун басары Нурбек Букуевдин маалыматы боюнча, келечекте бул багытка каражаттарды жогорку технологиялар фонду аркылуу бөлүп берүү пландалууда.