Материалдар: 2
Кыргызстан өкмөтүнүн вице-премьер-министри Улан Маматканов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрүп, иш-чаранын программалары, логистикасы, катышуучулардын жайгашуусу жана негизги объектилердин даярдыгы жөнүндө кенен сөз болду. Мамлекеттик органдарга даярдык ишин күчөтүү тапшырмасы берилди.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жабылуу салтанатына билеттер 1 миңден 5 миң сомго чейин сатылат. Көпчүлүк иш-чараларга кирүү акы төлөнөт, ал эми «Кырчын» этношаары гана акысыз жеткиликтүү болот.