Материалдар: 1
2025-жылдагы улуттук рейтингдин жыйынтыгы боюнча Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети кесиптик рейтинг боюнча өзгөчө ийгилик көрсөттү. «Билим тармагындагы сапатты камсыздоо» агенттигинин президенти Онолкан Уманкулова университет ректору Алтынбек Зулпукаровго бул жетиشهлик жөнүндө сертификат тапшырды. Агенттиктин президенти улуттук рейтингдин маанилүүлүгү, окуу сапатын жогорулатуу жана университеттердин атаандаштык жөндөмдүүлүгүн баалоого багытталганын белгиледи.