Материалдар: 2
Нарын шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел агымдарынан жана өрттөрдөн коргонуу иштерин жүргүзүп, алты ай ичинде материалдык зыяндын алдын алды. Иш-чаралардын натыйжасында 12 миллион сомдон ашык баалуу мүлк сакталды жана шаарда сел коркунучу жараткан жети жерге инженердик иштер аткарылды.
Жалал-Абад облустук экотехнадзор кызматкерлери Кара-Кул аймагындагы Чон-Таш жайлоосунда жана Курпсай суу сактагычында бир катар экологиялык мыйзам бузууларды аныкташты. Өнөр жай калдыктарын мыйзамсыз төгүү, жерди мыйзамсыз айдоо жана бак-дарактарды мыйзамсыз кыркып, айлана-чөйрөгө 130 миң сомдон ашуун зыян келтирилгени маалым болду.