Материалдар: 1
Бишкек шаардык курулуш жана архитектура боюнча башкы башкармалыгы документ жүгүртүүнү санариптештирүүдө олуттуу ийгиликке жетти. 2025-жылдын августунда 3% болгон электрондук кол коюлган документтердин үлүшү 2026-жылдын жазына карата 78%га чейин өстү. Бул кадам кагаз чыгымдарын кыскартууга, ички процесстерди оптималдаштырууга жана мекеменин ишинин ачыктыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет.