Материалдар: 1
Кыргызстандын Улуттук Банкы кыргыз адабиятынын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулгандыгынын 100 жылдыгына карата 1000 даана чыныгы алтындан жасалган коллекциялык монетаны чыгарууну көздөп жатат. Монетанын наркы алтындын учурдагы баасына жараша белгиленет, ал эми номиналдуу баасы 100 сомду түзөт.