Материалдар: 1
Бишкекте Юнусалиев көчөсүндөгү 12 этажга чейин курулуп жаткан турак үй обьектүндө коопсуздук талаптарынын бузулушу аныкталган. Курулуш калдыктары, анын ичинде опалубканын бөлүктөрү, жанындагы турак үй аймагына кулап түшкөн. Бул жагдай тургундардын коопсуздугуна коркунуч жараткандыгы белгиленген. Курулуш иштерин жүргүзгөн «Арт Вин» ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, кемчиликтерди жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилген.