Материалдар: 1
Кадамжай районунун Молдо-Нияз айыл аймагындагы Алга айылынан 10-класстын окуучусу Алихан Алишеров дайынсыз жоголду. Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы билдиргендей, окуучунун унаасы тоолук аймакта табылып, учурда издөө иштеринин жүрүп жатканы маалымдалды.