Материалдар: 1
Нарын шаарынын мэриясы билдиргенидей, шаардын Чоң-Чыргайлуу жана Төш-Булак өрөөндөрүндө күрөң суудан коргоочу курулуштар куруу иштери башталыпты. Бул долбоор турак жайларды, жолдорду жана шаар инфраструктурасын күрөң суулардын кооптуулугунан коргоону, ошондой эле шаардын климаттык тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатууга багытталган.