Материалдар: 2
Бишкекте өтчү ВИК жана ШОС саммиттерине даярдык үчүн Чүй, Айтматов проспекттери, Абдрахманов көчөсү жана Түштүк магистраль убактылуу жабылды. Бул аймактарда репетициялар жүрүүдө.
Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов проспектисинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки 1,1 километрдик жаңы жолду куруу иштери башталды. Бул жолго көпүрө дагы салынат жана ал шаардагы ири эки магистральды туташтырып, борбордун түштүк бөлүгүндөгү транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртат. Ошондой эле, мэр шаарда бир нече көчөнүн реконструкциясын көзөмөлдөдү жана курулуш сапаты, инженердик түйүндөр жана жарык берүү боюнча маселелерди чечүүгө катышты.