Материалдар: 1
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Японияда өткөн XX Азия оюндарын жыйынтыктап, 2028-жылы АКШтын Лос-Анджелес шаарында өтө турган XXXIV жайкы Олимпиада жана XVIII жайкы Паралимпиада оюндарына даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешме жыйынтыгы боюнча Дене тарбия жана спорт агенттигине комплекстүү план түзүү жана уюштуруу комитетин куруу тапшырылды.