Материалдар: 1
Бишкек шаарынын мэриясы 8-микрорайондогу Жукеева-Пудовкина көчөсүнүн боюндагы дарактарды кесүү боюнча түшүндүрмө берди. Октябрь районуна караштуу бул жерде жаңы сквер куруу жана жөө жүргүнчүлөр үчүн аянтча уюштуруу иштери башталганы айтылууда. Аймакты толук жашылдандыруу максатында кесилген дарактардын ордуна көптөгөн жаңы көчөттөр тигилери маалым болду.