Француздогу белгилүү актер Жерар Депардье 2025-жылы сексуалдык зомбулук боюнча чыгарылган өкүмгө каршы апелляция берүү өтүнүчүн кайтарып алды. Бул тууралуу Meduza басылмасы кабарлайт.
77 жаштагы актер пресса үчүн даярдаган билдирүүсүндө тасма тартуу учурунда көп учурда «сексуалдык маанидеги вульгардуу тамашаларды» айтып тургандыгын айтты. Анын айтымында, ал эми азыр «батылдык менен кемсинтүүнун ортосунда чектөө бар экенин» түшүнүп калды.
Мен кимдир бирөөлөргө зыян келтирген болушу мүмкүн болсо, алардын баарына терең жана чын дилимден кечирим сурайм. Апелляцияны кайтарып алууну чечтим, себеби мен эми жок болгон дүйнөгө таандык экенимди түшүндүм.







